Кыргызстандык окуучулар Түркиядагы балет фестиваль-сынагында 1-орунду багындырышты (сүрөт)

Кыргызстандык окуучулар Түркиядагы балет фестиваль-сынагында 1-орунду багындырышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы хореографиялык жалпы билим берүүчү мектебинин окуучулары Түркиянын Анталья шаарында өткөн балет фестиваль-сынагында 1-орунду алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Байгелүү орундар үчүн Түркиядан, Украинадан, Россиядан жана Кыргызстандан 8 жаштан 17 жашка чейинки 283 катышуучу ат салышты.

Кыргызстандан биринчи жолу катышкан окуучулар «Көчмөндөр» бийин тартуулашты.

Мектеп директору Айнагүл Тулеубекованын айтымында, мектепте 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар билим алышат.

«Окутуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген Базистик окуу планынын алкагында жүргүзүлөт. Дене тарбиянын ордуна балет гимнастикасы боюнча сабактар киргизилген. Мектеп 2015-жылы Бишкек хареографиялык окуу жайынын даярдоо бөлүмүнүн базасында түзүлгөн», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up