Кыргыздын алгачкы космонавты Салижан Шарипов Өзгөндөгү окуучулар менен жолугат (сүрөт)

Кыргыздын алгачкы космонавты Салижан Шарипов Өзгөндөгү окуучулар менен жолугат (сүрөт)

Билим АКИpress - Өзгөн шаарынын С.Шарипов атындагы орто мектебинде 12-апрель — Эл аралык космонавтика күнү белгиленип, окуучуларга Гагарин окуусу боюнча сабактар өтүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Айсулуу Ходжакунова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан алгачкы жолу «Космос жана биз» аттуу эл аралык акцияга катышып жатат. Анын негизинде аталган мектепте атайын космонавтика тууралуу акция болуп, мугалимдер окуучуларга «Гагарин окуусу» деп аталган сабакты өтүп беришти.

Акциянын алкагында атайын парта уюштурулган. Аталган партага сабакты мыкты өздөштүргөн окуучулар гана отура алышат. «Космос партасынын» ачылыш аземине Салижан Шариповдун келүүсү күтүлүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up