Нарында окуучулардын кесипти туура тандоосуна шык берүүчү «Билим кербени» старт алды (сүрөт)

Нарында окуучулардын кесипти туура тандоосуна шык берүүчү «Билим кербени» старт алды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусундагы мектептердин 9-10-11-класстарынын окуучулары үчүн кесипти туура тандоо боюнча «Билим кербени» аталышындагы мотивациялык жолугушуу старт алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, алгачкы мотивациялык жолугушуу Нарын районун Миң-Булак айылынын Т.Байсалов атындагы орто мектебинде башталып, ага жогорку класстардын окуучулары катышты. Ошондой эле кызыктуу суроо узаткан окуучуларга китептер белекке берилди.

Иш-чара Нарын жаштар ордосу жана Нарын облустук жаштар кеңешинин демилгеси менен айыл аймактардагы жаштар уюмдары менен бирдикте уюштурулууда.

Нарын жаштар кеңешинин төрагасы Талант Ниязбековдун айтымында, мындай жолугушуу окуу жылы аяктаганга чейин облустун ар бир мектептеринде өтүлөт.

«Мектеп окуучулары учурда кандай кесиптер маанилүү экендиги тууралуу жана билим алууга умтулуу боюнча кеңештерге суусап турган кези. Бүгүнкү күнү жаштарыбызга жакшы багыт көрсөтө алсак, келечекте ошол окуучу министр, депутат, чоң ишкер болот. Өзүнө багытты туура коюп, максатына жете алат. Бул уюштурулуп жаткан мотивациялык жолугушуунун максаты – жогорку класстардын окуучуларына эле эмес, жалпы окуучуларга жакшы билим алуу, жалкоолукту жоюу жана жогорку окуу жайларды тандоонун алдында кесипти туура тандоо боюнча кеп-кеңештерди берүү, шыктандыруу. Келечек – жаштардын колунда. Азыртадан жаштарыбызга туура багыт көрсөтүп, шарттарды түзүп берсек, алар ийгиликтерди жаратып, келечекте пайдалуу иштерди жасап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошот деген ишеничтебиз. «Билим кербени» облусубуздун ар бир мектептеринде жаштар уюмдары менен биргелекте уюштурулат», - дейт ал.

Жолугушуунун соңунда Т.Ниязбеков, Миң-Булак жаштар уюмунун мүчөсү демилге көтөрүшүп, мектеп жетекчилиги менен бирдикте окуучуларга бош убактыларын туура пайдалануу, китеп окуп, билим алууга кызыктыруу максатында шыктандыруучу бөлмө ачып берүү боюнча макулдашуулар болду.

Демилгечилердин айтымында, ачыла турган шыктандыруу бөлмөдө атайын окуучуларга шахмат ойноого, китеп окууга кызыктыруучу бурч, ар кандай акылды иштетүүчү интерактивдүү колдонмолор, чет тилдерин үйрөнүүгө, чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайларга кандай өтүү керектиги тууралуу маалымат бурчу, ошондой эле окуучулар менен пикир алышуучу орун дагы болот.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up