Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылдык китепканасына 1 миң 70 китеп чогулду (сүрөт)

Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылдык китепканасына 1 миң 70 китеп чогулду (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылында «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында 1 миң 70 китеп чогулду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова билдирди.

Маалым болгондой, Бакай Акылбеков жана Табылды Муратбеков тарабынан «Бир адамдан бир китеп» долбоору уюштурулуп, анын ишке ашырылышына аталган айылдын жаштары Аскарбек кызы Жылдыз, Динара Эркинбекова колдоо көрсөтүп беришкен.

Аталган иш-чара айылдык маданият үйүндө өтүп, ага айыл өкмөт башчысы Г.Үчүгөнова, долбоордун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Долбоордун алкагында жалпы 1 миң 70 китеп чогулуп, китепканага өткөрүлүп берилди. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Уюштуруучуларга айыл өкмөттүн ыраазычылык каттары тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up