Нарындын окуучулары Россиядагы басылма менен кызматташат (сүрөт)

Нарындын окуучулары Россиядагы басылма менен кызматташат (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарында «Россия гезити» («Российская газета») басылмасынын аллеясы ачылып, ачылышка шаар жетекчилиги жана В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын администрациясы, окуучулары жана басылманын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Иш-чарада басылманын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков сөз сүйлөп, В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясы менен 10 жылдан бери кызматташып келе жаткандыгын жана көп иштер аткарылгандыгын айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Аллеянын ачылышында кызыл тасманы шаар мэри менен басылманын өкүлдөрү кесишти. Иш-чаранын алкагында Тянь-Шань карагайларынын, мырза теректердин жана клендин 30га чукул жаңы көчөттөрү отургузулду.

Дмитрий Евлашковдун айтымында, бул аллея эки элдин достугун бекемдөө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине таазим кылуу жана келечек муунга белек калтыруу максатында ачылды. Мындай иш-чаралар буга чейин Бишкек жана Ош шаарларында ишке ашкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up