Нарында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» шаардык сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Нарында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» шаардык сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаардык билим берүү жана жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан окуучулар арасында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагы өткөрүлүп, ага жалпы 8 команда катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын алкагында командалар калыстар тарабынан берилген 4 тапшырманы аткарышып, өздөрүнүн жол кыймылы боюнча алган билимдерин сынашты. Ошондой эле алар саптык даярдыгын, үгүт бригадалардын иштерин көрсөтүшүп, дубал гезиттер боюнча өздөрүнүн даярдап келген иштерин жакташты.

Жыйынтыгында баш байгени №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинин командасы жеңип алды. Ал эми 1-орунду А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин командасы, 2-орунду К.Жакыпов менен М.Сыдыков атындагы орто мектептеринин командалары жана 3-орунду Ж.Чолпонбаев менен А.Садыков мектептеринин командалары камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылды. Баш байгеге ээ болгон Э.Ибраев атындагы орто мектебинин командасы облустук сынакка катышууга жолдомо алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up