Оштогу «Шаңкол» мектебинде А.Муратов атындагы бөлмө ачылды (сүрөт)

Оштогу «Шаңкол» мектебинде А.Муратов атындагы бөлмө ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылындагы «Шаңкол» орто мектебинде 13-апрелде окуучулар үчүн кыргыз адабияты боюнча окуу китептеринин автору Абыдкерим Муратов атындагы окуу бөлмөсү ачылды. Бул тууралуу №27 орто мектебиндеги кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайыр кызы Нургүл билдирди.

Ошондой эле кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин ортосундагы сабактардын иштелмелеринин жарышы, Шаңкол айылындагы мектеп окуучуларынын арасындагы А.Муратов жөнүндөгү дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, А.Муратовдун китептери жана атайын дипломдор менен сыйланышты.

«Окуу бөлмө толугу менен санариптештирилген. Тамыры тереңге жайылып бараткан А.Муратов элдик мугалим болуп, элдин уулу болуп, элге сиңип баратканына дагы бир жолу ынандык», - дейт Н.Тайыр кызы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up