Ак-талаалык окуучулар эркин күрөш боюнча спартакиадада ийгилик жаратышты (сүрөт)

Ак-талаалык окуучулар эркин күрөш боюнча спартакиадада ийгилик жаратышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин бир катар окуучу-балбандары ийгилик жаратышты. Бул тууралуу аталган спорт мектептин директору Билимбек Капарбек уулу билдирди.

Маалым болгондой, 12-апрель күнү Бишкек шаарында окуучулар арасында «Келечек» спартакиадасы өттү. Мелдештин жүрүшүндө эркин күрөш боюнча 2004-жылдан төмөнкү курактагы балбандар арасында Алихан Билимбеков 2-орунду, Азамат Бейшенбеков 3-орунду ээлешти.

Андан сырткары, эркин күрөш боюнча республикалык мелдешке Бактыбек уулу Кайрат, Жумаалы уулу Калданазар, Жумабек уулу Эрлан жолдомо утуп алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up