Кош-Дөбөдөгү мектептин окуучулары алиппе менен коштошту (сүрөт)

Кош-Дөбөдөгү мектептин окуучулары алиппе менен коштошту (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектебинде алиппе майрамы белгиленди. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Майрамдын алкагында окуучулар ушул кезге чейин алган билимдеринин негизинде өз өнөрлөрүн, таланттарын ата-энелерге тартуулашты. Жылдагыдан айырмаланып, быйыл алиппе менен коштошуу кече сабак түрүндө өткөрүлдү. Кеченин жүрүшүндө окуучулар ата-энелер менен бирдикте кызыктуу ыр-бийлерди, интермедияларды аткарышты.

Аталган мектепте 2018-2019-окуу жылында 1-класста жалпы 84 окуучу билим алууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up