Аравандык окуучулар «Акыл таймашта» билим сынашты

Аравандык окуучулар «Акыл таймашта» билим сынашты

Билим АКИpress - Араван районундагы мектептердин 10-11-класстарынын окуучулары арасында «Акыл таймаш» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн кыргыз тили боюнча усулчусу Зейнегүл Маманова маалымдады.

Анын маалыматына караганда «Акыл таймаш» 3 тур менен өтүп, ага жалпы 20 мектептин окуучуларынан куралган командалар катышты.

Сынакта негизинен кыргыз тили жана адабияты, география, тарых сабактарынан, ошондой эле логикалык жана Чыңгыз Айтматов ааламынан суроолор берилип, жыйынтыгында жалпы упайлар эсептелип, жеңүүчү командалар аныкталды.

Таймаштын жыйынтыгында 1-орунду Тепе-Коргон айыл аймагына караштуу «Эрке-Кашка» мектебинин окуучулары багындырышты. 2-орунду Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Т.Бекенов атындагы орто мектебинин окуучулары камсыздашты. Ал эми 3-орунду «Чек-Абад айыл аймагына караштуу Мирзо Улугбек атындагы мектебинин окуучулары жана 4-орунду Алля Анаров айыл аймагына караштуу Х.Анаров атындагы орто мектебинин окуучулары алышты.

Жеңүүчү командаларга «Ыйык Ата Журт - Ош» жаштар коомдук фонду тарабынан ардак грамоталар жана Чыңгыз Айтматовдун китептери белекке берилди. Ал эми башка командаларга «Өлкөнү өнүктүрүүчү өзгөчө өрнөктөр» аталышындагы китептер тапшырылды.

Иш-чаранын максаты — окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун өстүрүү менен бирге билим сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү.

Сынакты «Ыйык Ата Журт - Ош» жаштар коомдук фондунун өкүлдөрү менен Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук бөлүмүнүн кыргыз тили боюнча усулчусу Зейнегүл Маманова биргеликте уюштурушкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up