Ноокенде мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн кичи футбол аянтчасы ачылды (сүрөт)

Ноокенде мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн  кичи футбол аянтчасы ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ноокен районундагы Шайдан айыл аймагына караштуу Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинде кичи футбол аянтчасы ишке берилди. Бул тууралуу райондогу №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин директору Уланбек Уметов билдирди.

Маалым болгондой, курулушка жалпы 750 миң сом акча каражаты жумшалган. Анын ичинен президенттин фондунан 150 миң сом, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн фондунан 100 миң сом, акимдин фондунан 80 миң сом, мектептин өздүк каражатынан 150 миң сом, айыл өкмөт, мэрия жана райондук мекеме-ишканалардан жалпысынан 270 миң сом бөлүнгөн.

Аталган мектепте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 152 окуучу билим алат жана 23 мугалим эмгектенет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up