Ысык-көлдүк окуучу Амаль Оморов Казакстандагы «INFOMATRIX ASIA - 2019» олимпиадасында алтын медаль утту (сүрөт)

Ысык-көлдүк окуучу Амаль Оморов Казакстандагы «INFOMATRIX ASIA - 2019» олимпиадасында алтын медаль утту (сүрөт)

Билим АКИpress - 10-14-апрель күндөрү Казакстандын Алмата шаарында INFOMATRIX ASIA - 2019 эл аралык компьютердик долбоорлор олимпиадасы өтүп, анда Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу Амаль Оморов алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу аталган лицейдин мугалими Адилет Тентиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, А.Оморов «Дрон жарышы» категориясы боюнча алтын медалга ээ болду.

Олимпиадага 10 мамлекеттен 500дөн ашуун окуучу катышып, 7 категория боюнча ат салышкан. Х.Карасаев атындагы лицейдин окуучулары 3 категория боюнча катышкан.

Олимпиадада каралган категориялар:

- Роботикс (роботтор таймашы);

- Компьютердик программалоо;

- Компьютер графиктери жана искусство;

- Аппараттарды башкаруу системасы;

- Кыска метраждуу тасма;

- Квадрокоптер (дрон) жарышы;

- Математикалык долбоорлор.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up