Ысык-Көлдөгү лицейдин окуучулары Малайзиядагы олимпиададан 5 медаль алып келишти (сүрөт)

Ысык-Көлдөгү лицейдин окуучулары Малайзиядагы олимпиададан 5 медаль алып келишти (сүрөт)

Билим АКИpress - Малайзияда «MIYIO - 2019» эл аралык ойлоп табуучулар олимпиадасы өтүп, анда Каракол шаарынын Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучулары 3 алтын жана 2 коло медалдарды багындырышты. Бул тууралуу аталган лицейдин мугалими Адилет Тентиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, олимпиада 12-14-апрель күндөрү өтүп, ага 11 өлкөдөн 6 категория боюнча 235 долбоор менен 500 окуучу катышты.

Х.Карасаев лицейинен химия категориясы боюнча Адилет Өмүров алтын медаль, биология категориясынан Эрзат Имангазиев жана Улукбек Кубанычбеков алтын медалдарды тагынышты. Ал эми физика категориясы боюнча Денис Саломатин жана Адилет Бекмукамбетов коло медалдарга ээ болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up