Нарында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аттуу райондук сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Нарында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аттуу райондук сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарындагы мектеп окуучулары арасында 12-апрель күнү «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аталышындагы райондук сынак өтүп, жеңүүчүлөр облустук сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

Анын маалыматына караганда, сынакка райондон жалпы 15 команда катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга ардак грамоталар жана белектер тапшырылып, облустук сынакка катышууга жолдомо алышты.

«Нарын районунун Орто-Саз айылында Нарын райондук ЖКККБ кызматкерлери тарабынан «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аталышында райондук кароо-сынак өткөрүлдү. Ага жалпы 15 команда катышса, Оттук айылынын Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин «Ак Жол» командасы жеңүүчү болду. Бардык катышкан командаларга белектер, ардак грамоталар тапшырылды. Жеңүүчү команда облустук денгээлде өтө турган сынакка катышат.

Мындай сынактар көптөн бери өткөрүлүп келет. Облустан республикага чейин чыгып жүргөн мыкты командаларыбыз бар. Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинин окуучуларынын командасы Казакстан өлкөсүнө чейин барып, ийгиликтерди жаратып келген», - деп айтып берди К.Өмүрзаков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up