Чүйдөгү мектеп директорлору спорттук мелдешке түшүштү (сүрөт)

Чүйдөгү мектеп директорлору спорттук мелдешке түшүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Кант шаарында 13-апрель күнү Чүй облусундагы мектеп директорлору арасында спартакиада болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, бул ирет спорттук иш-чараны уюштурууну Ысык-Ата району колго алган. Облустун 5 районунан келген агартуучулар спорттун 4 түрү: волейбол, теннис, шахмат жана футбол боюнча таймашты.

Турнирдин негизги максаты — мугалимдердин ынтымагын бекемдөө жана дени сак жашоого үндөө болуп саналат.

Спартакиаданын жыйынтыгында жалпы командалык эсепте Ысык-Ата районунун командасы 1-орунду багындырып, жеңүүчү аталышты. 2-орунду Москва районунун командасы жана 3-орунду Сокулук районунун командасы ээлешти. Жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан даярдалган кубок, диплом жана белектер менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up