Кыргызстан жана Индия студенттер, илимпоздор менен алмашат

Кыргызстан жана Индия студенттер, илимпоздор менен алмашат

Билим АКИpress - Нью-Дели шаарында Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев менен Индиянын ТИМдин алдындагы ICCR мекемесинин башкы директору Акхилеш Мишранын жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун башкы максаты — эки тараптуу кыргыз-индия кызматташуусунун алкагында маданий-гуманитардык мамилелерди бекемдөө маселелерин талкуулоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө акыркы жылдарда билим берүүгө жана маданий тармактарга багытталган эки тараптуу кызматташтыктын жагымдуу жана туруктуу деңгээлдеги маселелери талкууга алынды. Тараптар илимпоздор жана студенттер менен алмашууну, жогорку окуу жайлардын ортосундагы байланыштарды, маданий иш-чараларды, ошондой эле Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген студенттерди окуу процессине тартуу маселелерин жандандырууну макулдашышты.

Бул багытта олуттуу жардамды ICCR ар тараптуу программалары менен көрсөтө алат. Бул программалар төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Индиянын аймагындагы ар кандай тарыхый жана маданий жайларды көрүү үчүн чет өлкөлөрдүн көрүнүктүү адамдарына чакыруу жөнөтүү;

- изилдөө иштерин, анын ичинде индология жаатында иштерди жүргүзүү үчүн окумуштуулар менен алмашуу;

- маданий иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде Кыргызстандан Индияга жана Индиядан Кыргызстанга чыгармачыл жамааттарды жөнөтүү.

Ошондой эле жолугушууда кыргыз-индия кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон Индиянын тилин, тарыхын жана маданиятын билген адистерди даярдоо маселеси да талкууланды.

ICCR – Индия менен чет мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө боюнча ири иш алып баруучу Индиянын маданий байланыштар боюнча кеңеши. Ал Индиянын маданий дипломатиясындагы маанилүү курал болуп саналат. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген 4 миң студенттерди 25 адистик боюнча окутуу тармагында иш алып барат. Билим алууну каалагандар ICCR сайты аркылуу онлайн-арыз менен кайрылса болот.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up