Мыкты сосиска. Бишкекте эт азыктарынын технологиясы боюнча алгачкы студенттик олимпиада өтүүдө (сүрөт)

Мыкты сосиска. Бишкекте эт азыктарынын технологиясы боюнча алгачкы студенттик олимпиада өтүүдө  (сүрөт)

Билим АКИpress - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде эт жана эт азыктарынын технологиясы боюнча I Эл аралык технологиялык олимпиада өтүүдө. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.

Эл аралык технологиялык олимпиадага Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы жогорку окуу жайлардын студент-технологдорунан турган 5 команда катышып жатат.

Олимпиада 2 тур менен өтүүдө:

1-тур — теориялык. Студенттер эт азыктарынын, колбаса азыктарынын, эттен жасалган чалафабрикаттардын технологиялары боюнча тесттик суроолорго жооп беришип, чийки заттын сапаттык мүнөздөмөлөрүн, эт азыктарынын коопсуздук көрсөткүчтөрүн жана башкаларды аныкташат.

2-тур — практикалык. Ар бир өлкөнүн технолог командалары «Технолог» окуу практикалык борборунун эт иштетүү цехинде тиешелүү рецептура менен 5 кг сосиска жасап чыгышы керек.

Студенттердин иштерин Кыргызстандагы алдыңкы эт иштетүүчү мекемелердин адис технологдорунан турган калыстар тобу баалайт.

Иш чаранын негизги максаты — ЖОЖдор, билим берүү мекемелери жана жеке секторлор ортосундагы байланышты чыңдоо.

Олимпиада окуу жайдын 65 жылдыгына карата уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up