Нарындагы Ж.Чолпонбаев мектебинин окуучулары аскерге чейинки даярдык санагында жеңүүчү деп табылды

Нарындагы Ж.Чолпонбаев мектебинин окуучулары аскерге чейинки даярдык санагында жеңүүчү деп табылды

Билим АКИpress - Нарын шаарынын Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинин окуучулары аскерге чейинки даярдык боюнча шаардык сынакта жеңүүчү болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынакка жалпы 8 команда катышкан. Жыйынтыгында аталган мектептин командасы мелдештин жеңүүчүсү деп табылып, 1-даражадагы диплом жана кубок менен сыйланды.

Мелдешти Нарын шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык бириккен аскер комиссариаты, шаардык спорт бөлүмү биргелешип өткөрдү. Шаардык спорт бөлүмүнүн башчысы Рысбек Касмалиев жеңүүчү командага кубок жана команданын мүчөлөрүнө дипломдорду тапшырды. Ал эми Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын өкүлү Назар Абиков жеңүүчүлөрдү баалуу белектер менен сыйлады.

Аталган мектептин окуучуларын аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими, билим берүүнүн мыктысы, СССР спортунун чебери Токтомуш Касымов даярдайт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up