Кара-Суудагы Ак-Буура мектебинде корей элинин маданияты көрсөтүлдү

Кара-Суудагы Ак-Буура мектебинде корей элинин маданияты көрсөтүлдү

Билим АКИpress - Кара-Суу районундагы Ак-Буура орто мектебинде 16-апрелде «Корей тили жана маданияты» фестивалы өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш-чарага Бишкек шаарындагы Корей тили борборунун директору Ким Де Гван, Ош шаарындагы Сежонг Кахдан корей тили борборунун директору Ким Бу Гиль, мугалимдер катышты.

Фестивалдын жүрүшүндө 6-11-класстардын окуучулары корей элинин ырларын, жомокторун, бийлерин аткарышты. Ошондой эле кыргыз элинин күүлөрүн чертишип, «Манас» эпосунан үзүндү аткарышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up