Жайылма айылындагы мектептин окуучулары ата-энелери менен бирге китеп окушту (сүрөт)

Жайылма айылындагы мектептин окуучулары ата-энелери менен бирге китеп окушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Жайылма айылындагы А.Раимкулов атындагы орто мектебинде АКШнын «USAID» уюмунун «Келгиле, окуйбуз!» долбоору боюнча уюштурулган сынак болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Жаңылкан Ниязбекова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, сынакка аталган долбоордун Чүй облусундагы координатору Бегимай Салыкова, Панфилов районунун билим берүү бөлүмүнүн методисти, «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун тренери Нарынкүл Озубекова жана 8 мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери катышты.

«Сынакка 2-3-4-класстардан экиден окуучу катышты. Аларга ата-энелери да кошулду. Анткени, балдар билбеген суроолордун жоопторуна ата-энелери жооп беришмек. Сынакка чейин алдын ала китептер берилип, окуучулар үйдөн ата-энелери менен окуп даярданышты.

Иш-чаранын башталышында окуучуларга слайддар көрсөтүлдү. Ошондой эле 1-турда окуган китептердин негизинде суроолор берилип, жооптор алынды.

Ал эми 2-тур мекен таануу сабагы боюнча болду. 3-турда мөмө жана жашылча-жемиштердин сүрөттөрүн айырмалап, тактайга ирети менен жабыштырышты. Андан соң ата-энелерге «Өз балаңызды канчалык деңгээлде билесиз?'» деген анкета боюнча суроолор берилди. Ага чейин биз окуучулардан «Кайсы тамакты жакшы көрөсүң?», «Кайсы мультфильм жагат?», «Бутуңдун өлчөмү канча?» деген суроолорго жооп алганбыз. Ошонун негизинде ата-энелерди өз баласын канчалык деңгээлде билишерин сынадык. Айрым ата-энелер туура эмес жооп беришсе, көпчүлүк ата-энелер өз балдарын жакшы билишери аныкталды.

Андан кийин ар бир тайпа өздөрүнө коюлган ат боюнча макал-лакаптарды жазышты. Мисалы, «Илим» тайпасы илим жана билим боюнча жазса, «Ынтымак» тайпасы ынтымак боюнча макал-лакаптарды жазышты. Ошондой эле жазган макал-лакаптарынын ичинен бирөөсүн тандап, чечмелеп да беришти. Иш-чаранын соңунда окуучулар медальон, грамота жана китептер менен сыйланышты. Ал эми ата-энелерге мектептин ардак грамотасы тапшырылды», - деди Ж.Ниязбекова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up