Оштогу №52 мектептин информатика мугалими «Жылдын мыкты ийрим жетекчиси» деп табылды (сүрөт)

Оштогу №52 мектептин информатика мугалими «Жылдын мыкты ийрим жетекчиси» деп табылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы «Мээрим» балдар билим берүү борборунда 15-апрелде «Жылдын мыкты ийрим жетекчиси-2019» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган билим берүү борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, сынакта баш байгени Мизамидин уулу Бектурган жеңип, республикалык сынакка катышууга жолдомо алды.

«Жылдын мыкты ийрим жетекчиси-2019» сынагы 2 баскычта өтүп, финалга 4 мугалим чыккан. Алар жазуу тапшырмасын жана сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткарып беришкен. Жыйынтыгында №52 мектептин информатика мугалими Бектурган Мизамидин уулу баш байгени жеңип алды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up