Артыкчылык аттестатына талапкер бүтүрүүчүлөр качан жана кайсы сабактардан тест тапшырышат?

Артыкчылык аттестатына талапкер бүтүрүүчүлөр качан жана кайсы сабактардан тест тапшырышат?

Билим АКИpress - Кыргызстанда «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына талапкер 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн тестирлөө 8-майда болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация төмөнкү предметтер боюнча жүргүзүлөт:

- эне тил жана адабият (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты) — тестирлөө;

- алгебра жана анализдин башталышы — тестирлөө;

- Кыргызстан тарыхы — тестирлөө;

- химия — тестирлөө.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө, бардык типтеги жана менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдарына 11-класстардын «кызыл» аттестатка талапкер болуп жаткан бүтүрүүчүлөрүнүн тизмесин Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгына 26-апрелге чейин жөнөтүү тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up