Чолок-Кайың айылындагы эң сулуу окуучулар аныкталды. Алар кимдер? (сүрөт)

Чолок-Кайың айылындагы эң сулуу окуучулар аныкталды. Алар кимдер? (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы орто мектебинде «Акмөөр - 2019» сулуулар сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Нуржан Курманалиева билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектепте белгилүү композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдыгына карата сулуулар сынагы өткөрүлдү. Анда катышуучулар саламдашуу, К.Молдобасановдун чыгармаларын аткаруу, өз колдору менен жасаган саркеч кийимдердин үлгүсүн көрсөтүү, кыргыз бийлерин бийлөө жана кыргыз улуттук кийимдерин даңазалоо тапшырмаларын аткарып беришти.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду 11-«Б» классынын окуучусу Азимжан кызы Гүлзат багындырды. Ал эми 2-орунду 11-«А» классынын окуучусу Нурбек кызы Анипа жана 3-орунду 9-«Б» классынын окуучусу Жакыпбек кызы Айзат ээлешти. Жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up