Сүлүктү шаарында жылдын мыкты мугалимдери тандалды (сүрөт)

Сүлүктү шаарында жылдын мыкты мугалимдери тандалды (сүрөт)

Билим АКИpress - 15-16-апрелде Сүлүктү шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин арасында «Жылдын мыкты мугалими - 2019» кароо-сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынакка жалпы 7 мугалим катышып, 7 тапшырма аткарышты.

Тапшырмалар:

- усулкана тарабынан иштелип чыккан предметтик жана педагогика-психологиялык тестирлөө;

- мугалимдин педагогикалык лабораториясы камтылган портфолиосу;

- маалымат-каражат технологиялары менен иштөө;

- иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү;

- өз предмети боюнча ачык сабак;

- чыгармачылык менен ишмердүүлүгүн презентациялоо;

- мугалимдин кызыгуусу.

Кароо-сынакты баалоо үчүн калыстар тобунун курамына билим берүү бөлүмүнүн башчысы, усулкана кызматкерлери, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы жана жалпы билим берүүчү мектептердин алдыңкы мугалимдери киришти.

Иш-чаранын максаты — чыгармачылык менен эмгектенген мугалимдерди колдоо, аларга шык берүү, тажрыйбасын башка мугалимдерге жайылтуу жана аларга материалдык колдоо көрсөтүү.

Сынактын жыйынтыгында төмөнкү мугалимдер жеңишке жетишти:

- Баш байге — №9 Н.Кушматов атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын мугалими Муртазали кызы Айсырга;

- 1-орун — №1 В.Ленин атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Маматова Бүүнасипа;

- 2-орун — №5 Т.Рустамов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Кулчиева Максатай;

- 3-орун — №4 Р.Жолбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Турдуева Бүүмайрам.

Жеңүүчүлөр шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирлик комитетинин баалуу белектерине ээ болушту.

Ал эми калган катышуучуларга «Таланттуу мугалим», «Чыгармачыл реформатор мугалим», «Келечегинен көптү үмүттөндүргөн мугалим» наамдары ыйгарылып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин баалуу белектери жана дипломдору менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up