Лебединовкадагы окуучулар 95 жаштагы ардагер Асек Урматов менен жолугушту (сүрөт)

Лебединовкадагы окуучулар 95 жаштагы ардагер Асек Урматов менен жолугушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Аламүдүн районунун Ж.Касымбаева атындагы №2 Лебединовка мектеп-гимназиясынын окуучулары менен мугалимдери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 95 жаштагы акын-жазуучу Асек Урматов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган гимназиянын директорунун тарбия иштери боюнча орун басары В.Туралиева билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мектеп окуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн атайын даярдалган чакан концерттик программа көрсөтүштү. Андан соң мектеп директору Асылкан Өмүрова ардагерлерди куттуктап, сөз кезегин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урматовго берди.

А.Урматов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында 1923-жылы 2-январда төрөлгөнүн жана балалык кези өтө катаал учурда өткөндүгүн айтып өттү.

«1943-жылы аскердик окуу жайды аяктап, ошол эле жылы согушка жөнөгөм. Украинанын шаар-кыштактарын баскынчыдан бошотууга катышып, лейтенант наамын алып, Прибалтика согушунда согуштун экинчи даражадагы ордени менен сыйландым», - деди ал.

Ардагер окуучулар узаткан суроолорго жооп берип, мектептин директоруна «95 жаштагы отчетум» деген китебин тартуулады. Ошондой эле мектептин президенти Кирилл Юсуповго жана мыкты, алдыңкы окуучуларга чакан белектерин тапшырды. Ал сөзүнүн аягында учурда «Ак жол» коомдук фондунун президенти жана 52 небере-чөбөрөнүн чоң атасы экенин кошумчалап, окуучуларга акыл-насаатын айтты. Ошондой эле эл-жерин сүйгөн атуулдардан болгула деп тилеп, ак батасын берди.

Иш-чарага ошондой эле Республикалык ардагерлер коомунун төрагасынын орун басары Калыс Жумабаев, Бишкек шаарынын ардагерлер коомунун төрагасы Эсенаман Тойгонбаев, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Чынасын Урматбеков, Аламүдүн райондук согуш ардагерлер коомунун төрайымы Розалия Проскурякова, «Улуу тоолор» басмаканасынан Смальтбек Темиралиев жана журналисттер катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up