Сокулуктагы Г.Капарова мектебинде «Кош, алиппе!» майрамы өттү (сүрөт, видео)

Сокулуктагы Г.Капарова мектебинде «Кош, алиппе!» майрамы өттү (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Г.Капарова атындагы орто мектебинде «Кош, Алиппе!» аттуу майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Майрамды «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси, 1-класстын класс жетекчиси Гүлмира Токтосунова ачып берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар коноктор менен амандашып, көркөм ырларды айтышты. Ошондой эле «Хандын кызы» жомогун аткарып, 36 тамганын ар бирине арналган ырларды айтып беришти. Андан сырткары, ыр-бийлер дагы аткарылды.

Иш-чарага ата-энелер, мугалимдер жамааты катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up