Оштогу 4-класстардын олимпиадасын жеңген окуучулар англис жана корей тилдерин акысыз окушат

Оштогу  4-класстардын олимпиадасын жеңген окуучулар англис жана корей тилдерин акысыз окушат

Билим АКИpress - Ош шаарындагы мектептердин 4-класстарынын окуучулары арасында предметтик олимпиада өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Мумина Мирзакаримова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш-чара ТКО (төртүнчү класстардын олимпиадасы) деп аталып, башкармалыкка караштуу бардык мектептердин, ошондой эле каалоочу менчик мектептердин окуучулары үчүн пландаштырылган. Жыйынтыгы электрондук текшерүү ыкмасы менен заматта чыгарылып, алдыңкы орундарды багындырган мектептердин окуучулары, аларды даярдаган мугалимдер билим берүү башкармалыгы тарабынан атайын грамота, дипломдор жана китептер менен сыйланышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында алдыңкы орунду ээлеген 28 окуучуга «Се Жоң» окуу борборунда англис жана корей тилдерин акысыз окуу үчүн жолдомо жана акчалай сыйлыктар да тапшырылды.

Иш-чаранын максаты — окуучулардын тест менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу, башталгыч класс мугалимдеринин иш-аракеттеринин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле олимпиадалык топтордун ишмердүүлүгүн күчөтүү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up