Некролог — Эл агартуунун отличниги Дүйшөкан Жаңыбаева 70 жаш курагында дүйнө салды (видео, сүрөт)

Некролог — Эл агартуунун отличниги Дүйшөкан Жаңыбаева 70 жаш курагында дүйнө салды (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Эл агартуунун отличниги, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси, Кыргызстан аялдар конгрессинин мүчөсү Дүйшөкан Жаңыбаева 8-апрелде 70 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу аны менен бирге иштешкен бала бакчанын жамааты, ата-энелер билдиришти.

Өмүрүн келечек муунга арнаган Д.Жаңыбаева 1949-жылдын 20-март күнү Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Миң-Булак айылында төрөлгөн. 1978-жылы Фрунзе шаарындагы кыз-келиндер институтун бүтүргөн. 1967-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна келин болуп, жолдошу Сурабай Тойгонбаев менен бирге түтүн булатып калган. Жолдошу өмүр бою райкомдо, компартияда биринчи секретарь болуп үзүрлүү эмгектенген. Кийинчерээк мектеп директору болуп жүрүп, 2005-жылы каза болгон.

Д.Жаңыбаева эмгек жолун 1978-жылы Тоң районундагы №3 балдар бакчасында жетекчи болуп иштөө менен баштаган. 1987-1998-жылдары райондук колхоздор аралык борбордук мектепке чейинки билим берүү мекемесинде методист, 1998-жылы Бишкек шаарындагы №162 бала бакчада тарбиячы, 1998-2001-жылдары №185 бала бакчада улук тарбиячы, 2001-2005-жылдары №133 бала бакчанын жетекчиси болуп иштеген. 2005-2013-жылдары Бишкек шаарындагы №165 бала бакчада жетекчилик кызматты аркалаган. Бул бала бакчада өмүрүнүн аягына чейин усулчу болуп эмгектенип келди.

Маркум үзүрлүү эмгектери үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси болуп, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодо кошкон зор салымы үчүн бир катар сыйлыктарга татыган. Ошондой эле мээримдүү эне, чоң эне, таене катары түбөлүк туугандарынын эсинде калды. Эне жолун жолдогон кызы Гүлкайыр Өмүралиева учурда №165 бала бакчада жетекчи болуп иштеп жатат.

Жаңыбаева билим тармагында 47 жылдан ашык убакыт үзүрлүү эмгектенип, «КР эл агартуунун отличниги» наамын алган. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин экинчи съездинин делегаты болгон. «МерсиКо» уюму менен иштеп, 2 жолу долбоор жазып, колдоо тапкан. Андан тышкары, шаардык мэрия жана билим берүү мекемелери менен ар кыл долбоорлорду тартканга жетишкен. Балдар бакчасынын ички жана тышкы жабдыктарын, балдар ойноо аянтчаларын жакшыртып, балдарга туура багытта билим-тарбия берип, кыргыздын улуттук каада-салт, үрп-адаттарын келечек муунга таанытып тарбия берген.

2007-жылы Норвегия гранты аркылуу 500 миң сомдук каражатка бала бакчанын эшик-терезелерин алмаштырган. Аны менен катар Франция элчилигинин колдоосу менен окуу куралдарын алып, кошумча чет тилин, француз тилин жана бий өнөрүн үйрөтүү, айлана-чөйрө менен тааныштыруу, жаратылышка туура мамиле кылуу боюнча кошумча ийримдери ачкан.

Бала бакчанын жамааты менен бирге жетишкен ийгиликтери: 2008-жылы «Ч.Айтматовдун бурчу» сынагында Бишкек шаары боюнча 1-орунду, 2009-жылы «Жүрөгүмдү балдарга берем» сынагында 2-орунду, 2010-жылы ушул эле сынакта 1-орунду, 2011-жылы «Мыкты балдар бакчасы» сынагында 1-орунду (70 миң сом), 2011-жыл «Рабаят» балдардын чыгармачылык сынагында бий боюнча 1-орунду, 2011-жылы профсоюз тармагы боюнча мелдештерде 3-орунду ээлеген. 2012-жылы «Кыргызстандын мыкты тарбиячысы», 2012-жылы «Эң жашыл бала бакча» сынагында мэриядан диплом, 10 миң сомдук сертификат алган. 2012-жылы «Улуттук көрсөтмө куралдар» сынагында 1-орунду, 2013-жылы профсоюз уюмунан тарбиячылар үчүн эс алуу жолдомолорун утуп алышкан. 2013-жылы «Боорсок» фестивалына активдүү катышкан. Ошондой эле 2013-2016-жылга чейин ар кыл тармактардын ээлеринен жана КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан медаль, мурдагы президент Р.Отунбаевадан орден алган. Жакын арада «КР эмгек сиңирген ишмери» наамын алмак.

Бул дүйнө менен коштошордон 1 күн мурун «Асылзат Нуру» коому тарабынан «Ардактуу асыл апа» төш белгиси менен сыйланган.

Д.Жаңыбаеванын артында 2 уулу, 3 кызы жана 10 небереси, 2 чөбөрөсү калды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up