Баткенде башталгыч класстардын мугалимдери тажрыйба алмашууда (сүрөт)

Баткенде башталгыч класстардын мугалимдери тажрыйба алмашууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы №9 Кушматов атындагы орто мектебинде 16-17-апрель күндөрү райондук жана шаардык деңгээлдеги семинарлар өткөрүлдү. Бул тууралуу «Келгиле, окуйбуз» долбоорунун түштүк региону боюнча координатору Самара Юлдашева билдирди.

Семинарлардын алкагында мугалимдер жомоктор жана кыска окуялар боюнча ачык сабактарды өткөрүшүп, класста колдонуп жүргөн материалдарын көрсөтүштү. Окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү, шар окууну алдыга жылдыруу жана окуганын түшүнүүсүн арттырууга багытталган окутуу ыкмасын мугалимдер «USAID» долбоору тарабынан 2018-жылы уюштурулган тренингдерден үйрөнүшкөн.

«Лейлек районундагы Манас мектебинде 16-апрелде семинар өттү. Бул семинар мугалимдердин жаңы жетишкендиктерин көрсөтүү үчүн, башка мугалимдер менен жаңы идеяларды алмашууга жана билим берүү процессинин андан ары өркүндөтүү маселелерин талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Ал эми 17-апрелде Сүлүктү шаарынын Кушматов атындагы орто мектебинде аталар менен иш-чара өтүп, башталгыч класстардын мугалимдери ачык сабактарды өтүштү», - дейт Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Муниса Жээналиева.

Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында ата-энелер жана балдар «окурман театры» жана жомоктор боюнча викториналарга катышты.

«Биз балдардын окуу жөндөмүн жакшыртуу боюнча ата-энелерди мектептеги иш-чараларга тартабыз жана балдардын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүдө ата-энелердин ролу чоң экенин түшүндүрүп келебиз. Ата-энелер үй-бүлөлүк окуу учурунда колдонуу үчүн кээ бир көнүгүүлөрдү үйрөнүп жатышат. Мектеп менен ата-эненин биргелешкен аракети — бул ар бир баланын жакшы окуусунун ачкычы», - деди Баткен облустук билим берүү институтунун методисти Осмон Эркебаев.

Бул семинарларга 105 башталгыч класстын мугалимдери, 25 китепканачылар, 1-4 класстын 240 окуучусу жана 34 ата-эне, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аялдар комитеттердин жана энелер мектебинин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты — башталгыч класстарда окуу көндүмдөрүн жакшыртуу ыкмалары боюнча мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу жана окуу маданиятын алдыга жылдырууда ата-энелер менен коомчулукту катыштыруу.

Билим берүү жана илим министрлигинин долбоору менен кызматташтыкта «Келгиле, окуйбуз!» долбоору 1-4-класстардын окуучуларынын негизги окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган. Долбоорго өлкө боюнча окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн 900 мектеп катышат. Республика боюнча 200 миңден ашык башталгыч класстардын окуучуларын, 9 миңге жакын мугалимдерди жана мектеп кызматкерлерин камтыйт. Долбоор окуу сапатын жогорулатууну, методикалык жардамды бекемдөөнү, башталгыч класстарды сапаттуу окуу материалдары менен камсыз кылууну жана китеп окуу маданиятын жайылтууну көздөйт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up