Кочкордогу мектеп окуучулары кыздарды эрте турмуш куруудан коргоо боюнча сынакта ат салышты (сүрөт)

Кочкордогу мектеп окуучулары кыздарды эрте турмуш куруудан коргоо боюнча сынакта ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районундагы Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебинде «Кыздар укуктарын колдойбуз, эрте турмуштан коргойбуз!» деген темада иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Бирге аракеттен кыздар» улуттук компаниясынын мүчөсү Бактыгүл Өмүралиева билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чаранын алкагында сынак өтүп, ага райондун аймагындагы мектептерден тандалып алынган үчтөн окуучу (жалпы 18 окуучу) катышты. Ошондой эле мектептердин соцпедагогдору жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары келишти. Калыстар тобунун курамына ар бир мектептен бирден адам кирди.

Иш-чаранын башында катышуучулар кыздар укугу боюнча тест тапшырышты. Командалар саламдашуу, ыр, күү, бий боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшүп, кыздарды эрте турмушка чыгуудан коргоо боюнча өздөрүнүн ойлорун плакатка тартып, түшүндүрүп беришти. Андан сырткары, жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусу боюнча көйгөйлөрдү ролдоштуруп аткарышты.

Жыйынтыгында Көк-Жар айыл өкмөтүнө карашту Көк-Жар айылындагы Т.Усубалиев орто мектебинин «Биримдик» командасы 1-орунду ээлеп, диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. 2-орунга Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылындагы Ш.Рысмендеев орто мектебинин жана Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күңгөй айылындагы Аблес улуу Алайдар атындагы орто мектебинин командалары жетишип, диплом жана 1500 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. 3-орунга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Дөбө айылындагы Кеңешбек Мырзабеков орто мектеби ээ болуп, диплом жана 1000 сом акчалай сыйлыкка татышты.

Ал эми активдүү катышкандыгы үчүн Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Исакеев айылындагы С.Исмаилов орто мектеби, Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов орто мектеби 300 сом жана диплом менен сыйланышты.

Маалым болгондой, иш-чара Кыргызстан улуттук кыздар федерациясы (NFFCK), Нарын кыздар федерациясы жана аталган компания тарабынан өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up