Нарында «Парктар маршы» акциясынын алкагындагы сынакты жеңген окуучулар сыйланды (сүрөт)

Нарында «Парктар маршы» акциясынын алкагындагы сынакты жеңген окуучулар сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы Ү.Асанов атындагы мектеп-лицейинин 6-7-класстарынын окуучулары «Парктар маршы-2019» эл аралык акциясынын алкагында өткөрүлгөн «Сүрөт жана жаратылыш белектери» сынагында жеңүүчү болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынак Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу тарабынан «Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн байырлаган жерлерин сактоо» урааны астында өткөрүлгөн.

Аталган сынакта сүрөт боюнча Зулкарнай Нурланов, Марлен Исмаилов, Элмирбек Токтобек уулу; жаратылыш белектери боюнча Болот кызы Сезим, Жаңыбай уулу Эсенгелди, Кутманова Элиза кызыктыруучу белектерге ээ болушуп, ардак грамота менен сыйланышты. Ошондой эле мугалимдер Оболбекова Гүлмира менен Балыкова Майрамга баалуу белектер жана китептер белекке берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up