Оштогу китеп окуу сынагында жеңүүчү болгон ата-энелер баалуу сыйлыктарга ээ болушту (сүрөт)

Оштогу китеп окуу сынагында жеңүүчү болгон ата-энелер баалуу сыйлыктарга ээ болушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы мектеп-лицейинин окуучуларынын ата-энелери ортосунда «Балдарга жаман тарбия берүүнүн жолдору» аттуу китеп окуу сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш-чара «Биз окусак – балдар окуйт!» деген ураан астында өттү.

Аталган сынакка жалпы 100дөн ашуун ата-энелер катышып, сынак тест түрүндө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында мыктылардын мыктысы аныкталып, алар атайын мектеп жетекчилиги тарабынан баалуу белектерге ээ болушту.

Баш байгени багындырган Толгонай Рахманбердиева чаң соргуч жана «Тагдыр кайрык» аталышындагы китепке ээ болду. 1-орунду ээлеген Нурмира Наржигитова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 8 томдугу жана шириндиктер менен сыйланды. 2-орунду ээлеген Каныкей Рахманбердиева китептин элеси түшүрүлгөн торт жана кафеге 500 сомдук сертификат, кошумча 1 китеп алды. 3-орунду ээлеген Данакан Эшбаева 1000 сомдук сертификат жана «Окуучунун сөздүгү», «Ак мөөр» китептери менен сыйланды.

Ошондой эле 4-орунду ээлеген Нургүл Сулайманова «Акындын чыгармачылык өнөрканасы» аттуу китепке ээ болду. 5-орундун ээси Гүлзат Кадыева менен 6-орундун ээси Чынара Ормошова «Креатив мектеп» аталышындагы китептерге татышты.

Мындан сырткары жигердүү катышкан ата-энелерге да дипломдор тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up