Баткен районунун мыкты мугалими — Музаффар Исоев

Баткен районунун мыкты мугалими — Музаффар Исоев

Билим АКИpress - Баткен районунда «Жыл мугалими-2019» кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынак 2 этап менен өтүп, катышуучулар ачык сабактарды өтүшүп, өздөрүн чыгармачылык менен тааныштырып, хоббиси тууралуу айтып беришти. Ошондой эле ыр-бийлерди аткарышты.

Жыйынтыгында «Самаркандек» гимназия мектебинин мугалими Музаффар Исоев 1-орунду багындырып, муздаткыч утуп алды. Ал эми 2-орунду Б.Нарматов атындагы орто мектебинин мугалими Тазагүл Сатаркулова ээлеп, сыналгы менен сыйланды. 3-орунду «Газ» орто мектебинин мугалими Алмаз Атабаев алып, чаң соргуч берилди.

Баткен районунун акиминин орун басары жеңүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады. 1-орунду камсыз кылган М.Исоев эми облустук турга катышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up