Кызыл-Суудагы мектептин окуучулары ата-энелери менен китеп окушту (сүрөт)

Кызыл-Суудагы мектептин окуучулары ата-энелери менен китеп окушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Кызыл-Суу айылынын М.Өмүралиев атындагы орто мектебинин 4-класстарындагы окуучулар тарабынан 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Келгиле, окуйбуз!» иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган иш-чараны даярдаган мугалим Чолпон Капанияева билдирди.

Маалым болгондой, сабакта окуучулар тарабынан даярдалган жомоктордун макет көргөзмөсү, мектептин китепканачысы Жылдыз Сапаева даярдаган китеп көргөзмөсү уюштурду. Сабак 3 этап менен өтүлдү.

1-этапта китеп жөнүндө маалымат берилип, окуучулар китеп жөнүндө ырларды көркөм айтышты.

2-этабында ата-энелер менен бирге таймаш сабагы болду. Анда 5 тапшырма берилип, аларды окуучулар ата-энелери менен 2 топко бөлүнүп аткарышты. 3-этабы концерттик программа менен коштолду.

Иш-чарага 1-2-3-4-класстардын окуучулары, ата-энелери, мектеп директору, китепканачы, директордун тарбия иштери боюнча орун басары, окуу бөлүмүнүн башчысы, башталгыч класстардын класс жетекчилери күбө болгон.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up