Кош-Дөбөдөгү мектепте тарыхый окуялардын кербени жүрдү (сүрөт)

Кош-Дөбөдөгү мектепте тарыхый окуялардын кербени жүрдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектебинде 18-апрель күнү райондук деңгээлде тарых сабагы боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Семинар «Тарых сабагын окутуудагы предметтик компетенттүүлүктөр» деп аталып, анын алкагында сахналаштырылган тарыхый окуялардын кербени, «Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы», «Кыргыз Республикасынын символикалары», «Улуу Жибек жолу жана кыргыздар», «Байыркы Рим маданияты» деген темаларда ачык сабактар, ошондой эле музейге саякат, тарых сабагын окутуудагы предметтик компетенттүүлүктөр боюнча тренингдер өткөрүлдү.

Мындан сырткары, окуучулардын эмгектери менен жасалган тарыхый-этнографиялык комплекстердин макеттери, балбал таштардын элестери, сүрөттөр келген конокторго көрсөтүлдү.

Иш-чарага Ак-Талаа району боюнча 18 мектептен 15 мугалим жана Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Чынара Сатиндиева катышты.

Семинардын уюштуруучусу — тарых предмети боюнча Ак-Талаа райондук методикалык бирикмесинин жетекчиси Айсулуу Асакеева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up