Ошто чет өлкөлүк студенттер арасында алгачкы жолу кыргыз тили боюнча олимпиада өтүүдө (сүрөт)

Ошто чет өлкөлүк студенттер арасында алгачкы жолу кыргыз тили боюнча олимпиада өтүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Ошто чет өлкөлүк студенттер арасында 18-апрелде алгачкы жолу кыргыз тили боюнча олимпиада өтүп жатат. Бул тууралуу ОшМУнун социалдык гуманитардык дисциплинардык кафедрасынын башчысы Райкан Ысмаилова билдирди.

Анын айтымында, сынакка 30дан ашуун студент катышып, студенттер берилген тапшырманы АVN маалыматтык системасы аркылуу аткарышууда.

«Олимпиаданын негизги максаты — кыргыз тилин өнүктүрүү, чет элдик студенттер кыргыз тилин канчалык деңгээлде окуп үйрөнгөндүгүн аныктоо жана жогорку окуу жайлардын арасында кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат. Сынакка Кыргыз медициналык академиясынан, Эл аралык медициналык жогорку окуу жайынан, Жалал-Абад мамлекеттик унверситетинен, Азия медициналык унверситетинен студенттер келишкен. Жалпы 30дан ашуун студенттер катышууда», - деди Р.Ысмаилова.

Олимпиада Ош мамлекеттик унверситетинин 80 жылдык мааракесине карата уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up