Василий Алгереев Москва районунун мыкты мугалими деп табылды (сүрөт)

Василий Алгереев Москва районунун мыкты мугалими деп табылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы В.В.Степаненко атындагы орто мектебинде 19-апрелде райондук «Жыл мугалими-2019» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынактын жүрүшү тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Роза Райымбекова айтып берди. Анын айтымында, бул бөлүм тарабынан сынактын жобосу түзүлүп, окуу-тарбия мекемелерине таркатылган. Анын негизинде ар бир билим берүү мекемелеринде сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталып, райондук турга сунушталган.

«Москва районундагы 33 мектептен райондук турга 8 талапкер катталган. 18-апрелде алар №1 Ак-Суу мектебинде сабактарды өтүшүп, эссе жазышып, педагогикалык-психологиялык тесттерге жооп беришти. Ал эми 19-апрелде өзүн тааныштыруу, педагогикалык жагдай, дидактикалык жомоктор жана хобби боюнча жыйынтыктоочу турга катышты.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жогорку упай топтогон Биринчи май орто мектебинин мугалими Василий Алгереев баш байгени жеңип, «Жыл мугалими - 2019» сынагынын жеңүчүсү деп табылды.

Ал эми 1-орунга К.Сейданов атындагы орто мектебинин мугалими Толкунай Жапарова жана Петровка орто мектебинин мугалими Назира Белмухамбетова чыгышты. 2-орунга Т.Арыков атындагы орто мектебинин мугалими Зарина Бутумбаева жана Бажана орто мектебинин мугалими Зайнура Султанбекова татыктуу болушту. 3-орунду №4 Ак-Суу орто мектебинин мугалими Канымбүбү Амираева, С.Бегалиева орто мектебинин мугалими Дамира Орозакынова жана А.Арбуду атындагы орто мектебинин мугалими Екатерина Петрикова ээлешти», - деп айтып берди окуу-усулдук бөлүмдүн башчысы Роза Райымбекова.

Сынакка катышкан талапкерлердин бардыгына райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ардак грамоталар тапшырылып, баш байге ээсине 10 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up