Бала бакчаларга барган 1000 баланын 50% акысын мамлекет төлөп берет

Бала бакчаларга барган 1000 баланын 50% акысын мамлекет төлөп берет

Билим АКИpress - Билим берүү тармагында мамлекеттик социалдык тапшырык программасы иштелип чыкты. Ал калктын социалдык жактан аяр катмарына жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, учурда 3-7 жашка чейинки балдардын 40,9%ы мектепке чейинки билим берүү менен камтылган.

Мамлекеттик социалдык тапшырык программасы «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Аталган программаны ишке ашыруу Бишкек шаарында пилоттук долбоор катарында киргизилет. Программа аркылуу республикалык жана муниципалдык бюджеттин каражатынан 50% төлөм каралып, 1000 баланын жеке балдар бакчасына баруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Төлөмдүн калган 50% бөлүгүн ата-энелер төлөшөт.

Программаны ишке ашыруу Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн жана учурда аталган программага катышууга мүмкүндүгү бар жеке бала бакчаны тандоо процедурасы ишке берилүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, мамлекет жеке бала бакчадагы кызмат акысынын 50%ын төлөөгө даяр.

3 жаштан 5 жашка чейинки балдардын ата-энелери аталган долбоорго катышып, 15-майга чейин Билим берүү министрлигине билдирме жөнөтө алышат.

Кызматты пайдалана алуучулардын категориялары, билдирменин формасы жана зарыл документтердин тизмеси 22-апрелде жарыяланат.

Жеке бала бакчалар Билим берүү жана илим министрлигине сынактык тандоого 17-апрелден 15-майга чейин арыз бере алышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up