Ысык-Көлдө өтүп жаткан жаш ойлоп табуучулар сынагында Оштун окуучулары ийгилик жаратууда (сүрөт)

Ысык-Көлдө өтүп жаткан жаш ойлоп табуучулар сынагында Оштун окуучулары ийгилик жаратууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунда «Биз — XXI кылымдын жаш интеллектуалдарыбыз» эл аралык сынагы өтүүдө. Анда Ош шаарынын окуучулары чыгармачылыктын ар кайсы деңгээлинде долбоордук, ойлоп табуучулук жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Бул тууралуу Оштогу «Мээрим» балдар билим берүү борборунун окуу бөлүм башчысы Чынара Аманова маалымдады.

Анын маалыматы боюнча Ош шаарынан барган окуучулар бир катар ийгиликтерди жаратышты.

Алар:

- Жороев Бекзад — «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер» номинациясында I даражадагы диплом. Жетекчиси — Калдыбаев Нурлан;

- Камилов Орзубек — «Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар» номинациясында I даражадагы диплом. Жетекчиси — Челядник Роман;

- Челядник Никита — «Маалыматтык технологиялар жана программалоо» номинациясында III даражадагы диплом, ошондой эле илимий- техникалык жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүгүндө жараткан ийгиликтери үчүн стипендия. Жетекчиси — Челядник Роман;

- Молдомырзаев Бексултан, Нурланов Бектур, Кылыч кызы Мээрим, Абдрахманова Назбийке, Камалова Малика — Астротурнир боюнча II даражадагы дипломдор. Жетекчиси — Козибаев Шерзод.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up