Бишкекте бала бакчалардын тарбиячылары окутулууда (сүрөт)

Бишкекте бала бакчалардын тарбиячылары окутулууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары ӨКМдин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун кызматкерлери тарабынан окутулууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жалпы түшүнүк», «Өрттөн сактануу эрежелери», «Суудан сактануу эрежелери» деген темаларда окуулар өткөрүлдү.

Окуунун максаты — адамдарды ар түрдүү кырсыктардан сактоо, алардын алдын алуу жана катталган учурда өзүн коргоо болуп эсептелет.

Бул окуулар ӨКМ жана БбжИМ тарабынан уюштурулууда. Мындай окуулар тарбиячылар, башталгыч класстарынын мугалимдери, аскерге чейин даярдоо мугалимдери үчүн 16-июнга чейин өткөрүлөт.

Окуунун аягында бардык мугалимдерге плакаттар жана колдонмо китептер берилүүдө. Бүгүнкү күндө республика боюнча 105 мугалим окуудан өтүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up