Сокулуктагы окуучулар мектеп-интернатка барып, кайрымдуулук акциясын уюштурушту

Сокулуктагы окуучулар мектеп-интернатка барып, кайрымдуулук акциясын уюштурушту

Билим АКИpress - Чүй облусундагы Сокулук мектеп-лицейинин окуучулары өз демилгелери менен Молдовановкадагы мектеп-интернатка барып, жардам көрсөтүп келишти. Бул тууралуу аталган мектеп-лицейдин директору Асылгул Жаныбаева билдирди.

«11-класста билим алган Бактыгүл деген окуучубуздун демилгеси менен 8-11-класстар чогулуп, жалпы 14 окуучу, мугалимдер Салтанат Абдыралиевна жана Толкунай Жумабековна Молдовановкадагы мектеп-интернатка барып келишти. Окуучулар ыктыярчы катары интернатта окуган балдарды ойнотуп, бийлетип, көңүлдөрүн көтөрүштү. Ошондой эле окуучулар жана мугалимдер өз ыктыяры менен чогулткан каражатка кийим-кече, тамак-аш, памперс алып беришти», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up