Аравандагы мектеп директорлорунун орун басарлары кылмыштуулуктун алдын алууну талкуулашты

Аравандагы мектеп директорлорунун орун басарлары кылмыштуулуктун алдын алууну талкуулашты

Билим АКИpress - 17-апрель күнү Араван районунун Тепе-Коргон айыл аймагында жайгашкан С.Маткасымова атындагы орто мектебинде кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча семинар өттү. Ага райондогу мектептердин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары катышты. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургазы Мирзаев маалымдады.

Анын маалыматына караганда, иш-чара 3 бөлүк менен өткөрүлдү. 1-бөлүгүндө көргөзмө уюштурулду. 2-бөлүгүндө ачык тарбиялык саат, 3-бөлүгүндө музыкалык адабий кече болду.

Семинардын алкагында С.Маткасымова мектебинин 7-класстарынын жетекчиси, мугалимдери ачык тарбиялык сааттарды өтүштү.

Иш-чарага Араван районунун мамадминистрациясынын өкүлү М.Алибаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.Мирзаев, усулчулар С.Байбубаева, З.Маманова жана райондук балдар чыгармачыл борборунун директору Я.Сулейманова катышты.

Семинардын жыйынтыгында мектеп директору Н.Алыкулова, директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары С.Тойчубаева, класс жетекчилер райондук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up