Кыргыз авиациялык институтунун директору болуп Улан Курманов шайланды

Кыргыз авиациялык институтунун директору болуп Улан Курманов шайланды

Билим АКИpress - И.Абраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда жаңы директор шайланды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Катталган 2 талапкердин ичинен Улан Курманов добуш берүүнүн жыйынтыгы менен директор болуп шайланды. Директорлукка экинчи альтернативалуу талапкер катары Кыргыз-Орус Славян университетинин автоунаа транспорту кафедрасынын доценти Мирлан Алсеитов сунушталган.

Жетекчини шайлоо Кыргыз авиациялык институтунун жамаатынын добуш берүүсү аркылуу ишке ашырылды. Улан Курманов буга чейин аталган институтта директордун милдетин аткарып жаткан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up