Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн Билим берүү тармагында кызматташуу боюнча кеңешинин отуруму өттү (сүрөт)

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн Билим берүү тармагында кызматташуу боюнча кеңешинин отуруму өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарында 2019-жылдын 18-19-апрелинде билим берүү тармагында кызматташуу боюнча Кыргызстан, Казахстан, Россия, Таджикистан, Белорусия, ошондой эле КМШ Аткаруу комитетинин билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Кеңешинин отуруму өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумду КР Билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрайымы Гүлмира Кудайбердиева ачты.

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар КМШ Тармактык университетин түзүү мүмкүнчүлүктөрүн жана анын ишмердүүлүгүн, бул мамлекеттердин жогорку окуу жайларына өтүү үчүн КМШ мамлекет-катышуучуларынын жарандарына тең укуктарды берүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле КМШ мамлекеттеринин билим берүү уюмдарынын/мекемелеринин билим берүү ишмердүүлүгүн мамлекеттик аккредитациялоо жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды.

Мындан сырткары, отурумдун алкагында КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү кызматкерлеринин жана мугалимдердин VI Съездинин концепциясынын долбоору каралып, аны даярдоо жана өткөрүүгө байланышкан маселелер талкууланды. КМШ мугалимдеринин VI Съездинин алкагында педагогикалык чеберчиликтин Эл аралык фестивалын өткөрүү мерчемделүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up