Караколдук окуучулар аскердик-прикладдык спорттун түрү боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү (сүрөт)

Караколдук окуучулар аскердик-прикладдык спорттун түрү боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Каракол шаарындагы мектеп окуучулары арасында 16-апрелде аскердик-прикладдык спорттун түрү боюнча спартакиада болуп өттү. Бул тууралуу аталган шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Спартакиаданын жыйынтыгында 1-орунду Каракол шаардык №2 мектеп-гимназиясы, 2-орунду №1 инновациалык мектеп-гимназиясы, 3-орунду №3 мектеп-гимназиясы камысыз кылышты. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, диплом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ал эми калган командалар активдүү катышкандыгы үчүн баалуу белектерди алышты.

Иш-чара Каракол шаардык билим берүү бөлүмү жана шаардык Аскер комиссиариаты тарабынан уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up