Сүрөт — Караколдогу «Милициянын жаш досу» сынагын кайсы мектеп жеңди?

Сүрөт — Караколдогу «Милициянын жаш досу» сынагын кайсы мектеп жеңди?

Билим АКИpress - Каракол шаарындагы мектеп окуучулары арасында 17-апрелде «Милициянын жаш досу» сынагы өтүп, жеңүүчү мектептер аныкталды. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнөн маалымдашты.

Сынактын жыйынтыгында баш байгени №11 мектеп-гимназиясы багындырды. Ал эми 1-орунду №6 жалпы орто билим берүү мектеби, 2-орунду №4 мектеп-гимназиясы, 3-орунду №7 жана №15 жалпы орто билим берүү мектептери камсыздашты.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, диплом, акчалай сыйлыктар берилди. Калган командаларга активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар, белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

№11 мектеп-гимназиясынын командасы эми сынактын облустук туруна катышат.

Иш-чара Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн ЖКККБ кызматкерлери менен билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up