Ошто жаш лидерлер окутулду

Ошто жаш лидерлер окутулду

Билим АКИpress - Ошто 18-апрелде лидер жаштардын катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар өнүктүрүү инстутунун программалык директору Элнура Калыкбаева билдирди.

Маалым болгондой, жыйынга өлкөнүн түштүгүндөгү облустардан жаш лидерлер катышты.

«Жаштар тынчык өнүгүү» долбоору негизи Борбордук Азияга арналган долбоор. Аталаган иш-чара жаштар өнүктүрүү институту менен Билим берүү жана илим минстирлиги тарабынан уюштурулган. Негизги максаты — жаштарды лидерликке үйрөтүү, өздөрү жашап жаткан чөйрөгө керектүү шарттарды өз алдынча түзүү жана иш орундары менен камсыз болууну үйрөтүү болуп саналат. Биз жаш лидерлерди 6 ай окуттук. Мындан кийин алар мамалекеттик деңгээлдеги жумуштарда иштесе болот», - деди Э.Калыкбаева

Бул долбоордун катышуучулардын бири — 25 жаштагы Хуршида Бактияр кызы. Ал «Россияга мигрант болуп барсам, байып кетем» деген түшүнүктү жаштардын оюнан жок кылуу керектигин айтат.

«Мен бул долбоордо 6 айдан бери окуп келе жатам. Бул жерден мен көп нерселерди үйрөндүм. Өзүм Кара-Суу районунун Нариман айылынын тургуну болом. Бизде Россияга жана башка чет өлкөлөргө мигрант катары кетип жаткан жаштар көп. Көпчүлүк жаштар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билбишпейт. Менин максатым — бийлик адамдары менен айыл жаштарынын ортосунда көпүрө болуу. Учурда айылыбыздагы чакан ишканалар менен сүйлөшүп, айылдагы жумушсуз кыз-келиндерди ишке жайгаштырууга көмөк көрсөтүп жатам», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up