Кара-Сууда «Мугалимдердин класстердик жолугушуусу» өттү (сүрөт)

Кара-Сууда «Мугалимдердин класстердик жолугушуусу» өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Чолпон атындагы орто мектебинде 17-апрелде «Мугалимдердин класстердик жолугушуусу» аттуу семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Иш-чарага катышкандар аталган мектептин китепканасы менен таанышты.

Семинарга райондогу 25 мектептин окуу бөлүм башчылары жана башталгыч класстардын мугалимдери катышты. Ошондой эле «Балдарды коргоо» долбоорунун Англиядагы өкүлү Коллинс Алфред, менеджери Гүлзат Чолпонбаева, Ош облусу боюнча долбоордун координатору Гүлзада Резаева, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башталгыч класстар боюнча тейлеген усулчу Апиза Хакимова катышты.

Иш-чара «Балдарды коргоо» уюму тарабынан уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up