Жумгалдагы Р.Солтонбеков мектебинин окуучулары тарыхты эскеришти (сүрөт)

Жумгалдагы Р.Солтонбеков мектебинин окуучулары тарыхты эскеришти (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгалдагы Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинин окуучулары тарыхты эскеришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, аталган мектепте «Сапаттуу билим — таасирдүү тарбиянын мектеби» деген темада мектеп директорлорунун облустук семинары өттү. Анын алкагында алгач катышуучулар мектептин тарыхы менен таанышып, андан соң топторго бөлүнүшүп, тарбиялык ачык сабактарга катышышты. Семинардын жүрүшүндө мугалимдер А.Токтогулова, Р.Абдрахманова, И.Асанова, З.Дербишова, Р.Мамбетова, Б.Оңолова, З.Кызалакова жана ктепканачы Ж.Чодронова тарбиялык ачык сабак өтүштү.

Окуучулар тарыхты чагылдырып, театрлаштырылган оюн көрсөтүштү. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын ролдорун аткарып беришти.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышып, мугалимдердин иштерине ийгиликтерди каалашты.

Иш-чарага Нарын, Кочкор, Ак-Талаа райондорунана жана Нарын шаарынан келген мектеп жетекчилери катышты.
Семинардын максаты — окуучулардын сапаттуу билим алуусуна окутуунун инновациялык усулдарынын түрлөрүн өздөштүрүү аркылуу билим сапатын жогорулатуу.

Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинде учурда 316 окуучу билим алууда. Аларга 35 мугалим билим-тарбия берет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up