Нарындагы лицейде китеп окуу сынагын жеңген ата-энелердин балдарына жеңилдиктер берилди

Нарындагы лицейде китеп окуу сынагын жеңген ата-энелердин балдарына жеңилдиктер берилди

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейдин окуучуларынын ата-энелеринин арасында китеп окуу боюнча сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынакта Нуржигит Кадырбековдун калемине таандык «Япон кереметинин сыры» аттуу китептен суроолор түзүлдү. Бул китепте Япония мамлекетинин өнүгүү сырлары, япон элинин турмуш кыйынчылыктарын кантип жеңгени тууралуу баяндалган.

Сынактын жыйынтыгында 11-«А» класстын окуучусу Миртемиров Эмирхандын апасы Тагаева Динара 55,67 упай менен 1-орунга чыкты. 9-«А» класстын окуучусу Мунарбек уулу Айтбектин апасы Арпачиева Рахат 49,67 упай менен 2-орунга ээ болсо, 10-«А» класстын окуучусу Асанбеков Азиреттин атасы Асаналиев Кылычбек 47,67 упай менен 3-орунду камсыз кылды.

Жеңүүчү болгон ата-энелердин балдарына окуу келишиминин акысына 10%, 7% жана 5% жеңилдетүүлөр берилди. Ошондой эле сынакка активдүү катышып, жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон ата-энелерге кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Фабрика форматов20190319_123710

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up